Суббота, 4 мая

Түркия бир айда 172 терроритти жок кылды

0

Түркияда акыркы бир айда Ирактын түндүгүндө 25, Сириянын түндүгүндө 147 террорист, жалпы 172 террорист жок кылынды.

Түркиянын Улуттук коргоо министрлигинин Твиттер баракчасында жасалган билдирүүдө, «Баатыр Мехметчик (түрк аскери) абанын температурасы минус 39 градуска жеткен, кардын калыңдыгы 7 метрден ашкан татаал аба ырайы жана рельеф шарттарында операцияларын улантууда. Террор менен күрөшүү операцияларында акыркы 1 айда жалпы 172 террорист жок кылынды», деп айтылды.

Өткөн жылы түрк аскерлери 397 операция ишке ашырып 2883 террорист жок кылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз