Четверг, 25 апреля

Кыргыз спортчулар тажиктерди утту

0

Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер курама командасы Тажикстанда өткөн эл аралык турнирде коло медаль утту.

«CAFA Women’s Futsal Championship» мелдеши Дүйшөмбү шаарында өткөн. Ал 21-январдан 28-январга чейин созулган. Мелдешке Иран, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер курама командалары катышкан. Алар бири-бири менен эки жолудан ойношкон.

6 беттештин жыйынтыгында Кыргызстандын футзалчы кыздары 4 упай топтошту. Тактап айтканда, Иран менен Өзбекстандын спортчуларынан 4 оюнда тең утулуп калышса, Тажикстандын командасы менен биринчи оюнда тең чыгып, экинчи беттеште жеңишке ээ болушкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз