Суббота, 11 мая

Эрдоганга жана анын аялына коронавирус жукту

0

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана жубайы Эмине Эрдогандын ПЧР-тести коронавирустун «омикрон» штаммы жукканын көрсөткөнүн Твиттерден кабарлады.

Эрдоган ”Симптомдору байкалгандыктан анализ тапшырсак жубайым экөөбүздүн тестибиз коронавирус бар экенин көрсөттү. Азыр абалыбыз жакшы. Жеңил өткөрүп жатабыз. Жумушубузду аткарып жатабыз. Дубаларыңыздарды күтөбүз”- деп жазды.

67 жаштагы Эрдогандын саламаттыгы учурда туруктуу экени кабарланды. Түрк президентинин Киевге расмий сапары 4-февралда аяктаган.

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 4-февралда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны бир күндө 111 157 кишиге жетти. 248 бейтап вирустан көз жумду. Бул пандемия башталгандан бери эң жогорку көрсөткүч.

Түркияда коронавирус жугузуп алгандар биринчи 2020-жылы 11-мартта катталган. Расмий маалыматтарга караганда, 1-февралда Түркияда вирустан өлгөндөр 85 600 кишиге жетти. Аны жугузуп алгандар он миллиондон ашты.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз