Кыргызгидромет кабарлагандай, 6-7-8-февраль күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. 6-февралда күндүз көпчүлүк аймакта жаан карга айланат. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт.
Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, күндүз шамал батыштан согот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;
Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…+5, күндүз 4…9;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…+5;
Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -1…-6;
Бийик тоолордо түнкүсүн -24…-29, күндүз -8…-13;
Бишкекте түнкүсүн кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +6…+8 градус болот.