Воскресенье, 19 мая

Казакстан Калашников автоматын чыгара баштайт

0

Казакстан 2022-жылдан баштап Калашников автоматын чыгара баштайт.

Буга чейин өлкөнүн индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлиги 2022-жылы коргонуу ишканалары бир катар аскердик техника чыгарууну пландап жатканын билдирген.

Маалыматка караганда, «Тыныс» заводунун базасында Орусиянын Калашников автоматынын АК-12 жана АК-15 сериялары чыгарыла баштайт. Калашников автоматынан тышкары Ми-171Ш тик учагы куралып, Airbusу учактарын тейлөө боюнча сервистик борбор ачылат. Андан сырткары, мамлекеттик чек араны коргоого багытталган техникалык каражаттар даярдалат, ошондой эле дөңгөлөгү сооттолгон «Барыс 8х8» унаасы чыгарылат. Мындан башка дагы өндүрүш пландалган.

Орусия менен Казакстан Калашников автоматын коңшу өлкөнүн аймагында чыгаруу тууралуу сүйлөшүүнү былтыр жайында баштаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз