Понедельник, 25 ноября

Кыргыз-Түрк «Достук» ооруканасына жаңы жетекчи дайындалды

0

Бишкек шаарындагы кыргыз-түрк “Достук” ооруканасына жаңы башкы дарыгер дайындалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-февралда министр Алымкадыр Бейшеналиев Түркия тараптан дайындалган жаңы башкы дарыгер, профессор, медицина илимдеринин доктору Мете Хыдыроглуну оорукананын жамаатына тааныштырды.

Министр өз сөзүндө Кыргызстандын калкына сапаттуу медициналык жардам көрсөтүп жаткан оорукананын жамаатына ыраазычылык билдирип, оорукананын жаңы башкы дарыгерине ийгиликтерди каалады.

Ал ошондой эле бул оорукананын КР саламаттыкты сактоо тутуму үчүн кадрларды практикалык жактан даярдоодо чоң мааниси бар экенин белгиледи. Бул ооруканада практикадан өткөн жергиликтүү медицина кызматкерлери инновациялык көндүмдөрдү өздөштүрүп, жетиштүү тажрыйбага ээ болгондон кийин, кадрдык потенциалды чыңдоо жана калкты медициналык тейлөөнүн деңгээлин жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын башка саламаттык сактоо уюмдарына жиберилет.

Эске салсак, Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан дайындоо мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Бишкектеги кыргыз-түрк достук ооруканасынын башкы дарыгери доцент, доктор Озгур Челеби Түркияга кайтып кеткен.

2022-жылдын 1-февралында КР Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен башкы дарыгердин жаңы орун басары Масалиев Осмонали Саттарович дайындалды.

2018-жылдын 1-сентябрындагы ратификацияланган өкмөттөр аралык келишимдин шарттарына ылайык, Бишкектеги кыргыз-түрк достук ооруканасынын башкы дарыгери Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан дайындалган. Анын орун басары КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан дайындалат.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз