Маанилүү! Салык төлөөнүн жол-жобосу өзгөрдү

0

Бардык салык төлөөчүлөр киреше салыгы менен камсыздандыруу төгүмдөрү тууралуу отчетторду FORM STI-161 бирдиктүү формада тапшырышы керек. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мындай форма бардык салык төлөөчүлөргө, анын ичинде чакан, орто ишкердик субъектилер менен коммерциялык эмес уюмдарга да тиешелүү.

Салык кодексине ылайык, салык агенти ар айдын 20-күнүнөн кечиктирбестен отчетту төлөй турган жери боюнча салык органына берүүгө милдеттүү.

Салык кодексинин 102-беренесине ылайык, жарандын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде салык органынын чечими менен отчет берүү мөөнөтү 30 күнгө узартылышы мүмкүн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз