Четверг, 18 апреля

ЖКда 60 кызматкер кыскартылды

0

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын структурасы бекитилип, депутаттарга бир жардамчы, бир консультант берилмей болду. Бул туурасында эл өкүлү Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында парламентте 60тын тегерегиндеги кызматкер кыскартылып жатат.

“Дастан Бекешевге гана кошумча дагы бир жардамчы жана кызматтык автоунаа берилет. Калгандарында жок”, — деди Түлөбаев.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров былтыр 2-декабрда Жогорку Кеңештин жана президенттин иш башкармалыгын бириктирген. Өлкө башчынын бул жарлыгы бюджеттин чыгымын азайтуу менен байланыштырылган.

VII чакырылыш ишин баштагандан кийин бир катар депутаттар Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы өзүнчө болушу керектигин айтып, аны депутаттар муктаждыктарын өз алдынча чече албай калары менен түшүндүрүшкөн.

Садыр Жапаров буга жооп берип, президенттин иш башкармалыгы бардык бийлик бутагына бирдей кызмат кыларын билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз