Пятница, 26 апреля

Антальяда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкели тургузулду

0

Түркиянын Анталья шаарында дүйнөгө таанымал кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун айкели тургузулду.

Муратпаша муниципалитетине караштуу Гүзелоба районунда жайгашкан жана жакында китеп кафеси катары кызмат кыла баштай турган «Чынгыз Айтматов» атындагы паркта кыргыз жазуучусунун айкели азем менен ачылды. Ачылышка Муратпаша муниципалитетинин вице-мэри Хүсейин Сары, Кыргыз Республикасынын Маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кеңешчиси Урмат Усөнов, Түрк дүйнөсү платформасынын төрагасы Мустафа Йылмаз,коомдук ишмер, экономист-ишкер Кеңешбек Алян уулу, коомдук ишмерлер, Түркиядан жана Кыргызстандан көптөгөн коноктор катышышты.

Журналист Барно Усманованын демилгеси, ишкер Кеңешбек Алян уулунун жана коомдук ишмерлердин демөөрчүлүгү менен скульптор Бообек Арыков жасаган айкелдин ачылышына  Муратпаша муниципалитетинин башчысы Үмит Уйсал телефон аркылуу катышып, Муратпашанын абдан маанилүү күндү өткөрүп жатканын айтты. Кыргыз жана түрк маданиятынын абдан маанилүү өкүлү, дүйнөлүк маданий мурастын маанилүү ысымы, маркум Чынгыз Айтматовдун айкелин ачуудан абдан кубанычта экендиктерин билдирген мэр Уйсал: «Биздин жүрөгүбүз бир. Биздин очоктор бирге. Биздин сезимдер бир. Биздин Анталья, Муратпаша дүйнөлүк маданияттар кездешкен жер. Мындан ары да ушундай болот. Муратпашабыз дүйнө тынчтыгынын символу катары жашоосун улантат. Ал мындан ары да абдан маанилүү ойчулдардын, жазуучулардын жана маданияттын өкүлдөрүнүн өкүлү болуп кала берет»,-деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз