Пятница, 3 мая

Коронавирус 107 кишиден аныкталып, төрт бейтап көз жумду

0

Өткөн суткада 107 кишиден коронавирус аныкталып, 279 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Жуктургандар:

Бишкек шаары – 44;

Ош шаары – 1;

Чүй облусу – 43;

Ош облусу – 1;

Нарын облусу – 1;

Ысык-Көл облусу – 12;

Жалал-Абад облусу – 2;

Баткен облусу – 3.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 199 821ге жетти. Анын ичинен 191 958 адам ооруну жеңген. Тилекке каршы, кечээтен бери дарт төрт бейтаптын өмүрүн алган. Алардын бардыгы вакцина албаганы айтылды.

Учурда ооруканада 653 бейтап, ал эми 2 738 адам амбулатордук шартта дарыланууда. Ооруканадагылардын ичинен 268 кишинин абалы оор, 56 бейтаптын өтө оор деп бааланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз