Понедельник, 13 мая

Милициянын кайгуул кызматынын инспекторун сүзүп кеткен айдоочу кармалды

0

Бишкекте милициянын кайгуул кызматынын инспекторун сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

ШИИБдин жана Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери “Коопсуз шаар” камераларынын жардамы менен кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган Н.Э.А. аттуу жаранды кармады. Ал милицияга жеткирилип, шектүүгө кылмыш иши козголду.

Эске сала кетсек, кечээ, 9-февралда саат он бирлер чамасында Чыңгыз Айтматов проспектисинин Жаманбаев көчөсү менен кесилишинде “Тойота витс” үлгүсүндөгү автоунаа шаардык милициясынын кайгуул кызматынын кенже инспекторун сүзүп кеткен. Шектүү окуя болгон жерден качып кеткен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз