Понедельник, 6 мая

Мамлекеттик карыз төлөөнүн мөөнөтү айтылды

0

Мамлекеттик карызды төлөөнүн жогорку чеги 2024-жылы башталып 2026-жылга чейин созулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, карызды доллар менен төлөөгө туура келет жана ошол учурда курс кандай болору белгисиз.

“Ушуга байланыштуу экономиканын өсүү темпин тездетүү, көмүскө экономиканы жоюу, мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдү 50 миллиард сомго чейин көбөйтүү жана ички дүң продукцияны калктын жан башына көбөйтүү зарыл”, — деди ал.

Эскерте кетсек, 2021-жылдан жыйынтыгында КРнын мамлекеттик карызы (ички + тышкы) 4 млрд 954,11 млн долларды түзгөн: анын ичинен:

  • 85,2%ы – мамлекеттик тышкы карыз, ал 4 млрд 221,61 млн долларды түзөт;
  • 14,8%ы – мамлекеттик ички карыз, бул 732,50 млн доллар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз