Суббота, 4 мая

Быйыл кимдердин айлык маянасы көбөйөт?

0

Быйыл медицина, аскер, билим берүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлык акысын жогорулатуу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Каржы министрлигинин коллегиясында билдирүү жасады.

Маалыматка ылайык буга чейин, 2021-жылы бир катар кызматкерлердин маянасы көтөрүлгөн:

2021-жылдын 1-июлунан тарта маданият, искусство жана маалымат тармагындагы кызматкерлердин айлыгы 50 пайызга өстү. Бюджеттен кошумча 226,6 млн сом, анын ичинен мамлекеттик бюджеттен 160,8 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 65,7 млн сом бөлүнгөн;

2021-жылдын 1-июлунан тарта медкызматкерлердин айлыгы 50 пайызга, саламаттык сактоо уюмдарынын техперсоналдарыныкы 40 пайызга жогорулатылган. Бюджеттен кошумча 1 млрд 831,1 млн сом, анын ичинен милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан 1 млрд 612,9 млн сом, Саламаттык сактоо министрлигинен 218,1 млн сом бөлүнгөн.

Мындан сырткары, соцкамсыздоо жана жөлөк пулдарга өткөн жылы 657,3 млн сом коротулганы айтылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз