Воскресенье, 19 мая

Украинада согуш күчөдү. Орусияга качкандарга бийлик 10 миң рубль берүүдө

0

Өзүн көз карандысыз деп жарыялаган “Донецк Элдик Республикасынын” башчысы Денис Пушилин коопсуздукка байланыштуу аймактын жашоочулары Орусиянын Ростов облусуна жапырт эвакуацияланып жатканын маалымдады.

Пушилин коңшу өлкөнүн жетекчилиги менен калкты убактылуу жайгаштыра туруу макулдашуусу кабыл алынганын, биринчи кезекте аялдар, балдар жана кары-картаңдар чыгарылып жатканын айтты.

Акыркы эки күндө Украин аскерлери жана Донбасстагы жикчилдер бири-бирин ок чыгарууга айыпташкан. Украина жикчил топтор мурдагы түнү 60-70 жолу ок чыгарганын, жума күнү 20дан ашык ок атышканын кабарлаган. Ошол эле маалда өздөрүн-өздөрү жарыялаган “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” да украин аскерлерин чабуул жасады деп күнөөлөп жатат.

Атышуулар Украина менен Орусиянын ортосундагы чыңалуу курчуган мезгилге туш келди. Батыш өлкөлөрү Донбасстагы жаңжалды чагым катары пайдалануу менен Орусия Украинага басып кириши мүмкүн деп кооптонуп турушат. Орусия тескерисинче украин тарап аталган аймакта чагым даярдап жатат деп Киевди айыптоодо.

Муну менен катар Орусиянын президенти Владимир Путин Донецк жана Лугансктан качып Орусияга кирген ар бир жаранга 10 миң рубль бөлүү боюнча буйрукка кол койду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз