Понедельник, 6 мая

Акжол Махмудов чейрек финалда

0

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Болгарияда өтүп жаткан Dan Kolov — Nikola Petrov эл аралык мелдешинин чейрек финалына чыкты.

Спорттук иш-чара 17-20-февралда Велико-Тырново шаарында өтүүдө.

Акжол Махмудов 77 кг салмакта турнирдин тандоо турунан баштап катышты. Алгачкы атаандашы грузиялык Бека Мамукашвилини Махмудов 5:1 эсебинде утуп алды. Ал эми мелдештин 1/8 финалында болгориялык балбанды эки ирет көтөрүп чаап, мөөнөттөн мурда жеңишти камсыздады.

Буга чейин Балбай Дордоков Dan Kolov — Nikola Petrov эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү болсо, Тынар Шаршенбеков коло байгеге татыган.

Эскерте кетсек, Dan Kolov — Nikola Petrov эл аралык мелдешине Кыргызстандын атынан 15 балбан аттанган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз