Воскресенье, 5 мая

Кымбатчылыктын айынан балдарга ысык тамак берилбей жатат

0

Кыргызстанда азык-түлүккө болгон баанын кымбатташына байланыштуу мектеп окуучуларына ысык тамак берилбей жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, мектептерде 7 сомго ысык тамак уюштуруу кыйынга турууда. Ошондой эле азык-түлүктүн баасы дагы деле көтөрүлүүдө. “Биз бир нече жолу Финансы министрлигине каржылоону көбөйтүү боюнча кайрылдык. Аргасыздан булочка менен компотко өтүүгө туура келүүдө”, — деди ал.

Жусупбекова ошондой эле Билим берүү министрлиги Финансы министрлигинен тамак-ашка болгон сумманы эки эсе көбөйтүүнү суранып жатканын белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз