Воскресенье, 19 мая

Орус аскерлери темир жол бекетинде калып кетишти (Фото)

0

Украинанын чыгышында соңку күндөрү атышуу кескин көбөйдү. Жергиликтүү тургундарды жикчил аймактын бийлиги Орусиянын Ростов, Волгоград, Пенза жана Саратов облустарына көчүрүп жатат. Аталган аймактардын баарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Көчүрүлгөндөрүн айрымдары алар үчүн эч кандай шарттар даярдалбаганын билдирип, кайра артка кетүүнү каалаганын чагылдырган видеолор тарады.

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок Орусияны «Украинанын чыгышындагы тургундар менен жоопкерчиликсиз оюн жүргүзүп, алардын өмүрүн коркунучка кептеп жатат » деп айыптады.

Муну менен катар айрым басылмаларда орус аскерлеринин орус-украин чек арасындагы Долбино темир жол бекетиндеги сүрөттөрү жарыяланды. Аскерлердин бир жумадан бери ошол станцияда кармалып жатканы, жеригиликтүү тургундардын аларга тамак-аш бергени айтылууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз