Суббота, 4 мая

Илдет 14 адамдан аныкталып, эки бейтап каза болду

0

Суткада коронавирус илдети 14 адамдан аныкталып, эки бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 9, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 137 адам илдеттен сакайып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 207 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 8 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 402 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 194 миң 664 киши айыгып чыкса, 2 миң 950 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз