Четверг, 25 апреля

Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда

0

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Бириккен күрөш уюмунун (UWW) версиясы боюнча 68 кг салмакта дүйнөлүк рейтингдин сап башына чыкты. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында айтылат.

Эскерте кетсек, Жуманазарова 24-27-февралда Түркияда өткөн Yasar Dogu, Vehbi Emre, Hamit Kaplan эл аралык рейтингдик мелдеште күмүш медаль утуп алган.

Жаңыланган рейтингден кийин экинчи орунда келе жаткан Мээрим Жуманазарова жалпы 83 миң 600 упай менен сап башына көтөрүлдү.

Ошондой эле Айпери Медет кызы Түркиядагы мелдеште алтын медаль утуп, өзүнүн рейтингин жогорулатты. Медет кызы 76 кг салмакта жалпы 67 миң упай менен экинчи орунга чыкты. Ал эми Айсулуу Тыныбекова (62 кг) 86 миң 400 упайы менен биринчи орунду сактап калды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз