Воскресенье, 19 мая

Хоккейчилерибизди колдоонун мезгили келди

0

Бүгүн, 5-мартта, Бишкекте 4-дивизиондогу командалар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курама командасы Малайзиянын командасына каршы оюн өткөрөт.

Дүйнө чемпионаты шаардык муз аянтында 3-8-март аралыгында өтүүдө.

Кыргызстандык хоккейчилер менен Малайзиянын оюнчулары ортосундагы оюн саат 20:00дө башталат.

Буга чейин Кыргызстандын курамасы Ирандын командасы менен муз талаасына чыгып, 13:1 эсебинде ирандык оюнчулар жеңилүү ызасын тарткан.

Ал эми Малайзия Кувейтти 5:2 эсебинде утуп алган.

Эскерте кетсек, аталган турнирде жалпы жонунан беш команда: Кыргызстан, Иран, Кувейт, Малайзия, Сингапур жана Ирандын курама командалы күч сынашууда.

4-дивизиондогу командалар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Кыргызстандын аймагында биринчи жолу өтүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз