Украинанын президенти Владимир Зеленский НАТОнун Украинаны учууга тыюу салынган аймак деп жарыялоону четке кагып, шаарлардын бомбаланышына жашыл жарык жаккандыгын белгиледи.
Зеленский кечээ өткөрүлгөн НАТО саммитин «Алсыз жана баш айланткан саммит» деп мүнөздөдү.
«Баарынын Европа үчүн эркиндик күрөшүн биринчи максат катары көрбөгөндүгү ачык болгон саммит өткөргөндүгүн» белгилеген Зеленский сөзүн төмөнкүчө улантты : «НАТО өлкөлөрүнүн бардык чалгындоо уюмдары душмандын пландарын, Россиянын чабуулду улантууну каалагандыгын абдан жакшы билишет. Тогуз күндөн бери аесуз согуш жүрүп жатат. Шаарларыбызды жок кылышып, адамдарыбызды, балдарыбызды бомбалап жатышат. Жаңы кол салуулар жана жоготуулардын болорун билген НАТО атайын Украина аркылуу аба мейкиндигин учууларга жаппоого чечим чыгарды. Бүгүн союздаштыктын аткара алган бир гана нерсеси Украина үчүн жеткирүү системасы аркылуу 50 тонна дизель майын жөнөтүү болду».
«НАТО өлкөлөрүнүн Украина аркылуу аба мейкиндигин учууларга жабуу менен Россиянын НАТОго каршы түздөн түз агрессиясын көкүтө турганы тууралуу бир жокмок жаратып жаткандарына ишенип жатабыз. Бул өзүн өзү гипноздоо болуп саналат. Бүгүндөн тарта каза болгондордун баары силердин айыңардан каза болууда»,- деген Зеленский бир тараптан Тбилиси, Париж, Лион, Братислав, Франкфурт, Вильнюс жана Прагада өткөн Украинаны колдоо митингдерине видеоконференция аркылуу кайрылды. Украинаны колдоо үчүн чогулган митингчилерге чоң экрандардан кайрылган Зеленский: «Европа калкына муну айткым келет, унчукпай калбагыла. Көчөлөргө чыгып Украинаны колдооңуздарды, аракеттерибизди жана күрөшүбүздү колдооңуздарды суранам»,- деди.
Бүгүн Украинанын «бутунда» турушу Европа үчүн абдан маанилүү экендигин баса белгиледи Зеленский, Ал «Анткени Украина өз бутунда тура албаса Европа да бутунда тура албайт. Биз куласак силер да кулайсыңар. Ошондуктан үнсүз калбагыла. Украинаны колдоо үчүн тышка чыккыла. Эгерде биз жеңишке жете турган болсок бул бардык демократиялык дүйнөнүн жеңиши болот. Эркиндигибиздин жеңиши болот, жарыктын караңгылыкка, эркиндиктин кулчулукка каршы жеңиши болот. Эгерде жеңишке жете турган болсок биз да Европадай гүлдөп өсөбүз. Европа бул көркөмдүү жеңиш менен дагы тынчтыкка ээ болот», — деди.
Мунун менен катар Украианын президенти Владимир Зеленский: «Жакында жарандарыбызга өлкөгө кайтып келгиле деп айта алабыз», — деди. Зеленский Россиянын өлкөсүнө карата кол салуулары тууралуу маалымат берди.
Украинадагы гуманитардык кризисти чечүү үчүн чечкиндүү экендерин айткан Зеленский: «Жакында жарандарыбызга өлкөгө кайткыла деп айта алабыз. Польшадан, Румыниядан жана бардык өлкөлөрдөн кайтып келгиле деп айта алабыз. Себеби коркунуч абдан жакында жок болот. Биз эми келечегибизди ойлошубуз керек. Дүйнөнүн бардык каржы мекемелери менен сүйлөшүп жатабыз. Баарыбыз Украианын кайрадан курулушу үчүн ондогон миллион доллардын берилери боюнча келиштик. Европа Биримдигине кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөрүбүз улантылууда. Кечээ миллиондогон киши Украинаны колдоо үчүн көчөлөргө чыгышты. Ушул кезге чейин 10 миңге жакын орус аскери өлтүрүлдү. 18 – 20 жаштардагы балдар. Эмне себептен өлгөндүгүн, эмне себептен согушка баргандарын жана эмне себептен чет жерге баргандарын да түшүнүшкөн жок. Россия бул адамдарга өлүмдөн башка нерсе бере алар эле», — деди. Зеленский курчоо астындагы шаарлардагы адамдарды куткаруу үчүн иштеп жатышкандарын да айтты.