Воскресенье, 19 мая

Орус аскерлери дагы бир АЭСке жакындап калышты

0

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус аскерлери эки атомдук станцияны басып алышканын, эми үчүнчүсүн өз карамагына алганы турушканын билдирди.

Ал Николаев облусундагы атомдук станцияны орус аскерлери басып алуу коркунучу бар экенин айтты.

Буга чейин орус армиясы Европанын эң чоң АЭСи болгон Запорожье АЭСин басып алган.

Зеленский ошондой эле Европанын чыгышындагы мамлекеттер учак менен Украинага жардам беришсе жакшы болорун баса белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз