Пятница, 5 июля

Түркиянын Диний башкармалыгы Баткенде азык-түлүк таратты (Видео)

0

Түркиянын Дин иштери боюнча башкармалыгы жана Түркия Диянет фонду Баткен областына караштуу Лейлек районундагы 295 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк таратты. Иш чара Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен ишке ашты.

Баткендин 9 айылында жашаган, тагыраагы Арка-2, Достук, Каштык, Маргун, Дархан, Дархаз, Турбек, Лайлы, Жаны-Жер айылдарындагы муктаж жарандарга азык-түлүк берилди.

Жардам таратуу иш-чарасына Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу  элчиси Ахмет Садык Доган жана Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева катышты. Жардам таратылган соң аймактын эли менен жолугушуу өткөрүлдү.

Элчи Ахмет Садык Доган Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жаңжалдан жабыркаган Максат айылында да болуп, түрк ишкери Мехмет Гүр тарабынан курурулган үйлөрдө жашаган кыргыз үй-бүлөлөрдүн ал-акыбалын сурады.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз