Пятница, 17 мая

Си Цзиньпин: Орусияга каршы киргизилген санкциялар бардык тараптар үчүн зыяндуу

0

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Орусияга каршы киргизилген санкцияларды «бардык тараптар үчүн зыяндуу» деп сыпаттады.

Си Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын канцлери Олаф Шольц менен видео саммит өткөрдү.

Орус-украин согушуна жана Орусияга каршы киргизилген санкцияларга токтолгон Кытайдын президенти: «Пандемиянын жүгү астында турган дүйнөлүк экономика үчүн санкциялар бардык тараптар үчүн зыяндуу»- деди.

Жаңжалдарга байланыштуу тынчсыздануусун жана терең кайгысын билдирген Си Цзиньпин тараптарды тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантууга чакырып: «Кризистин терс таасирин азайтуу үчүн биргелешип иш алып баруубуз керет»,-деп айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз