Четверг, 21 ноября

Жо Байден Орусиянын мунай импортуна тыюу салынганын жарыялады

0

АКШнын президенти Жо Байден Орусиянын мунай импортуна тыюу салынганын жарыялады. Бул орус президенти Владимир Путиндин Украинадагы согушу үчүн “чоң сокку” болорун белгиледи. 8-марттагы кайрылуусунда Байден “эркиндикти коргоонун баасы жогору” экенин америкалыктарга эскертти.

“Путин Украинадагы согушту жеңбеси айдан ачык болуп калды. Путин бир шаарды басып алышы мүмкүн, бирок эч качан ал өлкөнү кармап калбайт”, — деп билдирди Байден.

Украин президенти Владимир Зеленский Батышты Москванын ири киреше булагы болгон орус мунайы менен газын сатып албоого чакырып келатат.

АКШнын мунай импортунун 8% жакыны Орусияга туура келет, газды болсо америкалыктар ал өлкөдөн албайт. Байден буга чейин энергетика тармагындагы санкцияларга көнбөй келген. Мамлекет башчы күйүүчү майдын баасы көтөрүлүп, анын кесепети АКШдагы кардарларга да тиерин айткан.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз