Суббота, 4 мая

Коронавирус 13 адамдан аныкталып, бир бейтап каза болду

0

Өлкөдө суткада коронавирус 13 адамдан аныкталып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 12, Жалал-Абад облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 21 адам илдеттен айыгып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 146 бейтап, амбулатордук түрдө 244 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 671 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 734 киши айыгып чыкса, 2 миң 969 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз