Coca-Cola компаниясы бүгүн Орусиядагы ишин токтоторун айтты. Мындай билдирүү компаниянын сайтында жарыяланган.
Coca-Cola Hellenic — The Coca-Cola Company соода белгилеринин астында суусундуктарды куюу жана бөлүштүрүү боюнча дүйнөдөгү эң ири компаниялардын бири. Ал 28 өлкөдө бизнес жүргүзөт. Орусияда компаниянын Москва жана Москва облусунда, Санкт-Петербургда жана башка шаарларда заводдору бар.