Пятница, 22 ноября

Доллар 100 сомдон ашты

0

Өлкөдө 9-мартка карата коммерциялык банктарда жана менчик акча алмаштыруучу жайларда 1 АКШ доллары 100 сомдон ашты.

Ушул тапта акча алмаштыруучу жайлар, коммерциялык банктар америкалык долларды 98,50 сомдон сатып алып, 101 сом 50 тыйын, 102 сомдон сатууда.

Улуттук банктын расмий курсунда бир доллар 97 сом 69 тыйын болуп турат.

Кыргызстандын Улуттук банкы жыл башынан бери төрт жолу интервенция жасап, 200 миллиондон ашуун долларды каржы базарына чыгарды. Акыркы жолу 4-мартта валюта базарына 55,35 миллион долларды саткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз