Пятница, 22 ноября

Орусияда банктар доллар сатпайт

0

Орусиянын Борбордук банкы коммерциялык банктарга накталай рублге чет элдик валюталарды сатууга тыюу салды. Бул тууралуу аталган мекеменин билдирүүсүндө айтылды.

Башкы каржы көзөмөл мекемеси киргизген чектөөлөргө ылайык, Орусиянын жашоочулары башка валюталык эсеп ачып, доллар, евро же башка акча сала алат. Бирок андан кайра акча алса рубл менен гана акча алууга мүмкүнчүлүгү болот. Валютаны рублга чектөөсүз алмаштыра алат. Мындан тышкары жарандар өз эсептеринен АКШ валютасы менен 10 миң доллардан ашык акча ала алышпайт, калган каражатын ошол күндөгү курс боюнча рубль менен алса болот.

Борбордук банк убактылуу деп атаган бул эрежелер жарым жыл — 9-марттан 9-сентябрга чейин күчүндө болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз