Пятница, 22 ноября

Лондон Абрамович баш болгон 7 олигархка санкция киргизди

0

Британ өкмөтү орусиялык 7 олигархтын өлкөдөгү активдерин тоңдуруп, саякаттоого тыюу салуу чечимин чыгарганын жарыялады.

Санкциялардын тизмесинин башында англиялык Челси футболдук командасынан тышкары Евраз жана Нориск Никель компанияларына ээлик кылган орус олигарх Роман Абрамовичтин аты чыкты.

Өкмөттүн билдирүүсүндө, санкциялар киргизиле турган башка олигархтардын арасында En+ Groupтун акционери Олег Дерипаска, Роснефтин башкы директору Игорь Сечин, ВТБ банктын төрагасы Андрей Костин, Газпромдун жетекчиси Алексей Миллер, энергетикалык түтүк тармагында эмгектенген орусиялык «Транснефть» коомдук компаниясынын төрагасы Николай Токарев жана Россия Банкынын Директорлор кеңешинин төрагасы Дмитрий Лебедев да бар.

Олигархтардын Кремлге эң жакын ысымдар экени белгиленген билдирүүдө, тоңдурула турган жалпы мүлктөрдүн наркынын 15 миллиард фунт стерлингге жеткени билдирилди.

Билдирүүдө белгиленгендей, 7 олгиархтын бардык мүлкү тоңдурулгандан тышкары, алардын Улуу Британияга баруусуна, алардын компаниялары менен кандайдыр бир британиялык компания же жарандын бизнес жүргүзүүсүнө тыюу салынган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз