Воскресенье, 19 мая

Турак жайынын техпаспорту барлар каттоого тура алат

0

Бишкекте башаламандык менен салынган турак жайларда жашагандар техникалык паспорту болсо ага каттоого тура алат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Учурда борбор калаанын конуштарындагы жер тилкелеринин документтерин шайкеш келтирүү максатында мобилдик топтор түзүлүп, арыздарды кабыл алуу иштери башталды.

Ленин районунун акими Русланбек Тагаев Калкты тейлөө борборунун, РИИБдин жана башка тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте Жер-Ынтымагы жаңы конушуна көчмө жыйын уюштурган.

Анда шаар тургундарына жашаган жери боюнча каттоого туруу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо үчүн конушка аймактык милиционер бекитилген.

Учурда калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин жооптуу кызматкерлеринен турган беш мобилдик топ түзүлүп, керектүү техника менен жер-жерлерге чыгып жатат.

Соңку маалыматтар боюнча, өзү билип салып алган турак жайларга техникалык паспорт даярдоо боюнча 7054 арыз кабыл алынган. Анын ичинен 3091 паспорт даярдалып, 2631 техникалык паспорт берилген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз