Пандемияда жабыркаган ишкерлерге пайызсыз насыялар берилет

0

Эми пандемияда жабыркаган ишкерлерге пайызсыз насыялар бериле баштайт. Бул туурасында Экономика министринин статс-катчысы Улугбек Календеров билдирди.

Анын айтымында, Дүйнөлүк банк атайын программасы аркылуу 72 млн доллар бергени жатат. Ал пандемияда жабыр тарткан ишкерлерге жардам катары сунушталууда. 1,5 жылга, пайызсыз. 8 банк аркылуу таратылат. Банктар эч кандай кызмат акысын алышпайт. Анткени, алар кайра каражаттар кайтарылгандан кийин 30 айга жүгүртүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Азырынча насыялар бериле элек. Банктар аркылуу сүйлөшүү жүрүп жатат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз