Воскресенье, 19 мая

Эртеңден тартып милдеттүү түрдө беткап кийүү жокко чыгарылат

0

Эртең, 12-марттан тарта, коомдук жайларда милдеттүү түрдө бет кап тагынуу эрежеси жокко чыгарылат.

Өкмөттүн маалыматына караганда, бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коронавируска каршы күрөшүү штабынын жыйынын өткөрдү. Тийиштүү чечим ошол жерден кабыл алынган.

«Мындан ары соода борборлордо, ресторандарда, кафелерде, коомдук тамактануучу жайларда, базарларда, музейлерде, спорт клубдарда, китепканаларда жана окуу жайларда милдеттүү түрдө бет кап тагынуу эрежеси жоюлат», — деп айтылат маалыматта.

Саламаттык сактоо министрлигине 12-марттан тарта азыркы алгоритмге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылды. Мындан тышкары, саламаттык сактоо уюмдарында жана коомдук транспортто милдеттүү түрдө бет кап тагынуу эрежесин сактоо керектиги айтылды.

«Жарандарга коомдук жайларда коопсуздук үчүн өз ыктыяры менен бет кап тагынып жүрүү сунушталат», — деп айтылат маалыматта.

Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө вакцина боюнча калкка активдүү түрдө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушталды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз