Понедельник, 6 мая

Элвира Сурабалдиевага депутаттык мандат тапшырылды

0

Борбордук шайлоо комиссиясы Элвира Сурабалдиевага депутаттык күбөлүк жана төш белги тапшырды. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.

Сурабалдиева 2021-жылы 28-ноябрда өткөн шайлоого катышкан эмес. Ал мажоритардык шайлоо системасы кайрадан киргенден кийин, бир мандаттуу округдан шайлоону уткан биринчи аял болуп калды.

БШК 27-февралда Свердлов округунда өткөн шайлоонун жыйынтыгын чыгара элек. 9-мартта аталган округдан биринчи орунду алган Абдурахманхажи Муртазалиевдин каттоосун добуш сатып алуу фактысы боюнча жокко чыгарды. Муртазалиев боршайкомдун чечимин сотко берген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз