Воскресенье, 28 апреля

«Рублдун курсун аныктоо тартибин өзгөртүү» тууралуу токтом бүгүндөн тарта күчүнө кирди

0

Улуттук банктын рублдун сомго карата расмий курсун аныктоонун тартибин убактылуу өзгөртүү жөнүндөгү кабыл алынган токтому бүгүндөн баштап күчүнө кирди.

“Орус рублинин кыргыз сомуна карата расмий курсун аныктоо тартибин убактылуу өзгөртүү жөнүндө” токтомуна Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев кол койгон.

Токтомго ылайык, сом менен рублдин курсу мындан ары кросс-курс ыкмасында аныкталат. Бир валюта менен экинчи валютанын катышы үчүнчү валютанын негизинде чечилген ыкма кросс-курс деп аталат. Улуттук банк рубль менен доллардын курсун мындан ары “Блумберг” маалымат агенттигинен жана “Рейтерс” маалымат агенттигинен гана ала турган болду.

Мындай чечим ички валюта рыногунда чет элдик акча менен спекуляция кылуу аракетин алдын алуу максатында кабыл алынды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз