Воскресенье, 12 мая

Ак үй менен Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүүгө тыюу салынды

0

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милициясы 11-марттан 11-апрелге чейин митинг өткөрүүгө тыюу салды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту мыйзамдуу жана негиздүү деп тапканын маалымат кызматынан билдирди.

Ага ылайык, бир ай бою «Ала-Тоо» аянтында, Жогорку Кеңештин, президенттик администрациянын имараттарынын алдында жана Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында жарандар жана бейөкмөт уюмдар тарабынан митинг-акцияларды уюштурууга чек коюлду. Бул чечим мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларды өткөрүүгө тиешелүү эмес.

Митинг-акцияларды Максим Горький атындагы скверде гана өткөрүүгө уруксат берилген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз