Пятница, 17 мая

Арасында депутаттар болгон бир канча кызматкердин жасалма диплому аныкталды

0

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кош жарандуулуктун болушу жана жасалма дипломдорду колдонуу фактылары боюнча текшерүү улантылууда. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Жогорку Кеңештин 4 депутаты, парламенттин аппаратынын 1 кызматкери, шаардык кеңештин 3 депутаты, 2 судья, Эсеп палатасынын 1 аудитору, Ички иштер органдарынын 10 кызматкери, УКМК Чек ара кызматынын 1 кызматкери, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 3 кызматкери, Тышкы иштер министрлигинен 6 кызматкери, Экономика министрлигинен 2 кызматкер, Транспорт министрлигинен 3 кызматкер, Айыл чарба министрлигинин 4 кызматкерлери, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 1 кызматкери, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 1 кызматкеринин жасалма диплому аныкталды.

Андан тышкары, Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК) 1кызматкери, 1 медицина кызматкери, 17 билим берүү кызматкери, 1 Социалдык фонддун кызматкери, 2 банк кызматкери, 4 муниципалдык кызматтын кызматкери, 1 Муниципалдык аймактык башкаруунун адиси, 1 КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, 1 мэр, 1 мурунку мэр, 1 вице-мэр, шаардык кеңештин 1 кызматкери, Райондук мамадминистрациясынын 1 башчысы, 7 айыл аймагынын башчысы, 2 а/а башчысынын орун басары, 7 а/а кызматкери, 5 айылдык кеңештин депутатынын аныкталды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз