Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар тарабынан берилген дипломдорду текшерүү иштери улантылууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.
Мамлекет башчынын бардык деңгээлдеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерде кош жарандуулуктун болушу жана жасалма дипломдорду колдонуу фактылары боюнча текшерүү тапшырмасынын алкагында УКМК тарабынан өлкөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк окуу жайлар тарабынан берилген дипломдорду текшерүү иштери улантылууда.
УКМК жогорку билими тууралуу документтерди мыйзамсыз даярдоо, жасалмалоо жана пайдалануу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин жана жарандын мамлекеттик кызматты мыйзамсыз ээлегенинин натыйжасында келтирилген зыяндын орду толтуруларын эскертет.
Буга байланыштуу УКМК жогорку билими бар боюнча жасалма документтерди колдонгондор же алардын келип чыгышынын аныктыгынан күмөн саноолор болсо, ыктыярдуу түрдө улуттук коопсуздук органдарына кайрылуусун сунуштайт. Аталган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат жана анонимдүүлүккө кепилдик берилет. Эгерде кылмышты жашырса жана жасалма дипломду колдонууну улантса, анда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесине ылайык 5 жылга чейин жазага тартылат.