Пятница, 22 ноября

Министр менен врачтын тиреши күчөдү

0

Бир катар коомдук ишмерлер, илимпоздор, дарыгерлер жана искусство өкүлдөрү окумуштуу-хирург, медицина илимдеринин доктору Эрнст Акрамовдун ар-намысын коргоо штабын түзүштү.

Штабдын жетекчилигине Конституциялык соттун мурдагы төрайымы Чолпон Баекова дайындалды. Штабдын өкүлдөрү Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, анын орун басары Эдил Байсаловго кайрылуу жолдоп, Акрамов тууралуу айткан сөзү үчүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди жоопко тартууну талап кылышты.

Бейшеналиев 14-мартта Эрнст Акрамов жетектеген Чүй облустук ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий институту жабылганын билдирген.

Аны жетектеп келген 85 жаштагы Акрамов кызматтан алынганын, мекемеге жаңы башкы дарыгер дайындалганын кошумчалаган. 15-мартта Улуттук госпиталда травматология бөлүмүн ачып жатып, Акрамовду сындап, ал ооруканага атын берүүгө татыктуу эмес экенин айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз