Суббота, 4 мая

Коронавирус 13 адамдан аныкталып, бир бейтап каза болду

0

Өлкөдө сутка ичинде коронавирус 13 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 10, Чүй облусунда – 2, Ош облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 39 адам илдеттен сакайып чыкса, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 109 бейтап, амбулатордук түрдө 122 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 776 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 985 киши айыгып чыкса, 2 миң 976 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз