Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара борбордук Ала-Тоо аянтында өткөрүлдү.
Иш-чарага президенттик аппараттын жетекчиси – КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев, шаардыктар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катышты.
Мындан тышкары, борбор калаанын сейил бактарында башка оюн-зооктор менен коштолгон массалык майрамдар, ошондой эле спорттун улуттук түрлөрү боюнча спорттук мелдештер өттү.