Пятница, 17 мая

Садыр Жапаров Ноорузду Баткен жергесинде майрамдады

0

Быйыл Нооруз майрамына карата негизги салтанаттуу иш-чара Баткен жергесинде өттү.

Майрамдык иш-чара Баткен шаарынын борбордук стадионунда өткөрүлүп, ага өлкө башчы Садыр Жапаров катышты.

Мамлекет башчысы “Кыргыз күрөш” улуттук күрөшү боюнча финалдык беттешке күбө болуп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык тапшырды.

Андан соң кол өнөрчүлөр аллеясы жана Баткен килемдери менен таанышты. Садыр Жапаров килемдердин бирин сатып алды. Уздардын айтымында, ал 100 жылдай мурда жасалган.

Ошондой эле, Мамлекет башчыга Кыргызстандын белгилүү жана көрүнүктүү инсандарынын портреттери түшүрүлгөн аллея көрсөтүлдү.

Садыр Жапаров ата-бабалардын салтын улап, өткөн түнү сүмөлөк бышырылган бир тонналык казанды ачты.

Президент жаңы эле даяр болгон сүмөлөктөн ооз тийди, аксакалдар ага ак баталарын беришти.

Жаздын келишин даңазалаган Нооруз майрамына карата негизги иш-чаралар адатта Бишкекте өткөрүлүп келчү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз