Воскресенье, 19 мая

ТИМ: Кытайда кырсыкка учураган учакта кыргызстандыктар жок

0

Кытайда 133 жүргүнчүсү менен кулаган Boeing 737 учагында кыргызстандыктар болгон эмес. Бул тууралуу КР ТИМи билдирди.

Аба кемеси China Eastern Airlines компаниясына таандык. Самолёт Кытайдын Гуанси-Чжуан автономдуу районундагы Учжоу шаардык округундагы Тэн уездинде кыйроого учураган.

Бортто 133 киши болгон. Алдын ала маалымат боюнча, учак Куньмин шаарынан Гуанчжоуго бара жаткан.

Учурда издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат. ЖМКлардын маалыматына караганда, учак кулаган жерде токой өрттөнө баштаган. Азырынча толук маалымат жок.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз