Акыркы суткада бир адам каза болуп, 8 жаңы учур катталды

0

Суткада коронавирус 8 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 1, Ош облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 11 адам илдеттен сакайып чыкса, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 89 бейтап, амбулатордук түрдө 78 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 826 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 94 киши айыгып чыкса, 2 миң 981 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз