Алдамчылыкка шектелип кармалган Бишкек шаарынын мурдагы мэри Эрмек Нургазиев камакка алынды. Бул туурасында Чүй облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Нургазиев тергөө аяктаганга чейин камакта болот.
2019-жылы июль айында райондук милицияга турак жай курулуш кооперативдеринин биринин төрагасы кезинде мурда сатылган батирлерин кайра сатып жибергени үчүн Нургазиевге карата чара көрүү боюнча арыз түшкөн.
2022-жылы 18-мартта жогорудагы фактыга шектелип Эрмек Нургазиев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүүнүн үстүнөн жамааттык арыздан тышкары 7 арыз түшүп, жалпы келтирилген чыгым 7 миллион 845 миң 692 сомду түздү.
Эрмек Нургазиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп 2021-жылы февраль айында дайындалып, бир күндөн соң кызматтан айдалган.