Пятница, 22 ноября

Путинге берилген «ардактуу доктор» наамы кайра алынды

0

Болгарияда 2009-жылы Владимир Путинге берилген  «ардактуу доктор» наамы кайра алынды.

Болгарияда Велико Тырноводогу Свети Кирил и Методийи университетинин  окумуштуулар кеңеши 2009-жылы 26-январда Россия Федерациясынын  премьер — министри  Путинге «заманбап дүйнөнүн тынчтыгына кошкон салымынан» улам берген ардактуу доктор наамын кайра алды.

Университеттин ректору, профессор Кирил Бонджолов Болгария улуттук радиосуна берген маалыматында: «Курулган атайын териштирүү комиссиясы 13 жыл мурун кабыл алынган чечимдин себептерин иликтеп, наадын мыйзамсыз берилгендиги аныкталды»,- деди.

Бонджолов университеттин чечиминин саясий негизге таянбагандыгын айтты.

«Жашыл кыймыл»  атуу жарандык коом уюму Путинге берилген бул наамды кайра алуу үчүн бир ай мурда аракетке өткөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз