Вторник, 21 мая

Түркмөнстандын жаңы президенти ишин баштады

0

Дүйнөдөгү эң жабык мамлекеттердин бири деп саналган Түркмөнстанды узак жылдардан бери башкарып келген Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов 19-мартта ант берип, президенттик кызматка киришти. Ант берүү аземи баш калаа Ашхабаддагы «Рухиет» сарайында өттү.

40 жаштагы Сердар Борбор Азиядагы бул өлкөнүн эгемендик тарыхындагы үчүнчү президент болуп калды. Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги бул күндү «артка кайткыс демократиялык өзгөрүүнүн башталышы» деп мүнөздөдү.

Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 40 жаштагы Сердар Бердымухамедов 12-марттагы президенттик шайлоодо добуштардын 73 пайызга чукулун алганын жарыялаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз