Суббота, 18 мая

Бишкекте Орусияны колдогон митинг өтүүдө

0

Бишкекте Орусиянын Украинадагы операциясын колдогон митинг өтүп жатат. Ага катышкан жарандар Орусиянын туусун көтөрүп чыгышты. Айрымдары «Биз Путин үчүн», «Биз фейкке каршыбыз» деген жазууларды, Орусиянын президенти Влдамир Путин менен Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровдун сүрөтүн көтөрүп алышкан.

Иш чара концерт менен коштолуп, балдар дагы катышууда.

Белгилүү инсандардан саясат тануучу Бакыт Бакетаев жана парламенттин мурдакы депутаты Евгения Строкова бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз