Кыргызстанда калкты жана турак жай фондун каттоо эртеңден тарта башталат.
Аталган жараян 3-апрелге чейин созулат, ал эми алыскы катаал шартта жашаган аймактагыларды каттоо 23-апрелден 2-майга чейин уланат.
Каттоо кампаниясына бардык аймактардан 28 миңдей адам тартылмакчы. Биринчи жолу каттоо мобилдик тиркемени пайдалануу аркылуу электрондук форматта өткөрүлөт.
Каттоо баракчасы өзүнө беш суроо тизмегин камтыйт, анын төртүнчүсү чет мамлекетке чыгып кеткен адамдарга ылайык иштелип чыккан. Ал тизмектин ичинден 40тан ашык суроо бар.
Суроолор тизмеги: үй-бүлөдө канча адам жашайт, кандай шартта жашашат, үйдүн дубалдары эмне материалдан жасалган, жашагандардын билим деңгээли, жаш курагы, белгиленген жерде канча убактан бери жашап жатышкандыгы, каржы булактары, эне тили, дагы башка кандай тилдерде сүйлөй алары, учурда иштейби же жумуш издеп жатабы жана башкалар.
Бир адамдын бардык үй-бүлө мүчөлөрү үчүн жооп берүүсүнө мүмкүнчүлүк берилери белгиленди.
Бул эл каттоо Кыргызстан эгемендик алгандан бери өткөрүлгөн үчүнчү эл катто болмокчу.