Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Орусиянын Украинада химиялык курал колдонуу ыктамалынын «чыныгы коркунуч» экенин билдирди.
Байден НАТО жана Евробиримдиктин (ЕБ) лидерлери (24-март) менен саммиттерге катышуу үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселге кетээр алдында Ак үйдүн бакчасында басма сөз кызматкерлеринин суроолоруна жооп берди.
Орусиянын Украинада химиялык курал колдонушуна жана анын болуу ыктымалдыгына канчалык тынчсызданып жатасыз деген суроого Жо Байден: «Менимче бул чыныгы коркунуч», — деп жооп берди.
АКШнын президенти НАТОнун Брюсселдеги саммитине, ошондой эле Чоң жетилик менен Евробиримдиктин саммиттерине катышып, Батыш Орусияга каршы кандай кадамдарды жасай турганын талкуулайт.
АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан сүйлөшүүлөрдө Орусияга каршы жаңы санкциялар пакетинин жарыялана турганын билдирди.